19-июнда Бишкекте наркотиктерди, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик координациялык комитеттин кезектеги жыйыны өттү. Иш-чара комитеттин төрагасынын орун басары, Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз наркотик жүгүртүүгө каршы кызматтын начальниги, милициянын полковниги Уланбек Султановдун жетекчилиги астында өттү.
Жыйында ар түрдүү мамлекеттик структуралардын, саламаттык сактоо мекемелеринин, билим берүү уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Омбудсмен аппаратынын кызматкерлери катышты.
Катышуучулар мамлекеттик наркотиктерге каршы саясатты ишке ашыруу жана наркотиктерди жана психотроптук заттарды көзөмөлдөө боюнча мыйзамдарды жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, жаштар арасында синтетикалык психоактивдүү заттардын жайылышы шартында наркотикалык бузулуулардын диагнозун коюуда Эл аралык оорулар классификациясынын 11-редакциясын (МКБ-11) колдонуу менен эл аралык стандарттарды киргизүүгө көңүл бурулду жана наркологиялык кызматтын илимий жана кадрдык потенциалын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Наркотиктерди колдонууга каршы профилактика, наркотикке көз каранды адамдарды дарылоо жана реабилитациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду, айрыкча жаштар арасында синтетикалык психоактивдүү заттардын жайылышы шартында.
Мындан тышкары, онкологиялык бейтаптарды жана паллиативдик жардамга муктаж адамдарды наркотиктерди жана психотроптук заттарды камтыган керектүү дары-дармектер менен камсыздоо маселелери талкууланды. Бул препараттардын жүгүртүүсүн катуу көзөмөлдөө менен жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маанилүү маселе болуп калды.
Ошондой эле жыйында наркотиктерди жана психотроптук заттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган «Антинар» автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүү маселелери каралды.
Жыйналыштын жыйынтыгында наркотикалык бузулуулардын профилактикасы жана дарылоо системасын өнүктүрүүгө, тармактын кадрдык потенциалын жакшыртууга жана ооруну басаңдатуучу терапияга муктаж бейтаптар үчүн көзөмөлгө алынган дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган чечимдер кабыл алынды.