Кыргызстан жана Албания президенттерине Иссык-Кулда этнокультуралык программа сунушталды
19-июнда Кыргызстан президенти Садыр Жапаров жана анын албандык кесиптеши Байрам Бегай Албания лидери Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында этнокультуралык программа менен таанышышты. Иш-чара Иссык-Кул облусунун Бостери айылында жайгашкан "Номад" амфитеатрында өттү.

Жолугушуу учурунда президенттер акын-импровизаторлор тарабынан тосуп алынып, кыргыз музыкалык жана поэтикалык искусствосунун байлыгын көрсөтүштү.