```html
Бишкекте Юрий Фучик көчөсүндөгү №54 орто мектептин жанында жайгашкан жаңы скверди көрктөндүрүү долбоору сунушталды. Бишкектин архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын шаардык дизайн бөлүмүнүн адистери жергиликтүү тургундар жана шаар коноктору үчүн заманбап жана коопсуз коомдук мейкиндикти түзүү максатында бул эскиз долбоорун иштеп чыгышты.
Жаңы сквердин аянты 1,3 гектарды түзөт, анда отурук зонасы, балдар оюн аянты, воркаут зонасы, амфитеатр, ошондой эле жөө жана велосипед жолдору уюштурулат. Долбоордо коноктор үчүн ыңгайлуу авто токтотуучу жай каралган.