Бишкекте массалык уулануу учурлары катталды, анын натыйжасында медициналык мекемелерге 37 адам кайрылды. Бул маалыматты Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдардын инфекциялык оорулары кафедрасынын доценти Дамира Чыныева "Биринчи радио" эфиринде билдирди.

Адистин айтымында, уулануунун себеби "Жаны-Арык" турак жай массивинде жайгашкан медреседе берилген салат болгон.