Бишкекте, Фучик көчөсүндө, №54 мектебинин жанында жаңы сквер түзүү пландалууда, деп билдиришти Курулуш министрлигинен.
Бишкек шаардык курулуш жана архитектура башкармалыгынын шаардык дизайн бөлүмүнүн адистери тарабынан иштелип чыккан эскиздик долбоор 1,3 гектар аянтты камтыйт.
Жаңы сквердин функционалдык зоналарына төмөнкүлөр кирет:


  • орундуктар жана көлөкөчү чатырлар менен эс алуу зоналары;

  • балдар үчүн оюн аянтчасы;

  • воркаут зонасы;

  • амфитеатр;

  • жөө жана велосипед жолдору;

  • авто токтотуучу зона.