2026-жылдын 18-19-июнунда Бишкекте Energy Expo Kyrgyzstan — ШОС 2026 эл аралык көргөзмөсү өттү. Кыргыз Республикасының Энергетика министрлиги уюштурган бул иш-чара эл аралык энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана заманбап технологияларды киргизүү үчүн маанилүү платформа болуп калды.
Көргөзмө Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун төрагасы болуп турган учурда өткөрүлүп, ШОС өлкөлөрүнүн энергетика министрлеринин алтынчы жыйыны менен бир мезгилде болду. Көргөзмөнүн акыркы күнүндө жыйындын катышуучулары, энергетика министрликтеринин жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү энергетика тармагындагы жаңы технологиялар жана инвестициялык долбоорлор менен таанышышты.
ШОС мүчө өлкөлөрүнүн делегациялары көргөзмөнүн катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, биргелешкен долбоорлордун келечегин талкуулашты. Бул министрлер деңгээлинде башталган диалогду улантууга жана энергетика тармагында өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча конкреттүү кадамдарга өтүүгө мүмкүнчүлүк берди.