Денис Петрашов алтын медаль утуп, АКШда Кыргызстан рекордун орнотту


Кыргызстандык сүзүүчү Денис Петрашов АКШнын Индианаполис шаарында өтүп жаткан TYR Pro Series эл аралык турниринин этапында алтын медаль утту. Ал 200 метр брасс боюнча дистанцияда биринчи орунду ээлеп, мыкты натыйжа көрсөттү.