Россияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери жана кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерине арналган лекция өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Касымалиев өз сөзүндө, бул окуу жайы менен анын жашоосунда жана карьерасында маанилүү этаптар байланышта экенин белгиледи.
«Кырк беш жыл мурун менин экономикалык процесстер, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык кызматташуу боюнча түшүнүгүм ушул жерде калыптанган», - деди ал.
Университеттин окутуучулары жана студенттери менен болгон жолугушууда өкмөт башчысы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы экономикалык өнөктөштүктүн учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө талкуу жүргүздү.
Лекциянын аягында ал студенттерди алган билимдеринин алардын профессионалдык карьерасынын жана мамлекеттердин, коомдун келечектеги өнүгүүсүнүн негизин түзөөрүн түшүнүүгө чакырды.
«Силер, келечектеги башкаруучулар, экономисттер жана адистер, жарандардын бакубаттуулугу жана биздин өлкөлөрдүн өнүгүүсү үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга милдеттүү болосуздар», – деп кошумчалады Касымалиев.
Лекция башталгандан мурун ага Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин Почеттуу доктору наамы ыйгарылды. Өкмөт башчысы университеттин жетекчилигине жана Ушчуну кеңешине ыраазычылык билдирди.