Бишкекте бир нече райондо убактылуу суу өчүрүлөт


23-июнда Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу борбордун мэриясынан маалымдашты. Суу берүү 09:00дөн 18:00гө чейин токтотулуп, турак үйлөрдү, окуу жайларын, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди жана башка социалдык объектилерди камтыйт.
Суу өчүрүлгөн аймакка Достоевский, Анкара, Ауэзов жана темир жол линиясынан чектелген райондор кирет. Ошондой эле Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полицейский шаарчасы суусуз калат.
Суу өчүрүүнүн себеби «Контррезервуары» суу алуу жайында жана шаардык суу түтүк системаларында жүргүзүлүүчү оңдоо-профилактикалык иштер болуп саналат. Шаардык мэрия мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жарандарды ичүүчү суу запастарын алдын ала камдап алууга чакырды.
Мындан тышкары, тургундар «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу пландалган жана авариялык суу өчүрүүлөр тууралуу маалымат ала алышат.