Бишкекте укук коргоо органдары 2007-жылы төрөлгөн П.Б.Р. аттуу жаш жигитти, закладкалар аркылуу синтетикалык наркотиктерди таратууда шектелип, кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери шектүүнү кармап, жашыруун жайлардын жайгашкан жерин аныкташты, ал жерден изолентага кылдат оролгон 29 пакет синтетикалык заттар табылды.