Бишкекте улуттук укук коргоо органдары ШОС өлкөлөрүнүн жыйыны болот

Бишкекте 23-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин улуттук органдарынын биринчи Консультативдик жыйыны өтөт, ал адам укуктарын коргоого арналган. Иш-чараны Акыйкатчы институту уюштурат.

Жыйында Беларус, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан укук коргоо институттарынын жетекчилери жана өкүлдөрү чогулат. Бул окуя улуттук укук коргоо мекемелеринин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алмашуу үчүн платформа болуп калат.