Ысык-Көлдө өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун медиафорумунда Өзбекстандын президентинин администрациясы алдындагы медиа контент даярдоо борборунун директору Кобулжон Ахмедов заманбап маалымат мейкиндигин түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал өз ара урматтоо, объективдүүлүк жана ишеним сыяктуу негизги принциптерди бөлүп көрсөттү.

Ахмедов бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттары жаңылыктар булагы гана эмес, элдер арасында диалог үчүн маанилүү инструмент болуп, маданий өз ара түшүнүшүүгө жана коомдордун туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшүп жатканын айтты.