Соңку эки жылда Кыргызстанда эс алуу базаларынын саны 63,8% га өскөнү байкалууда. Бул маалымат 2024-жылдын июнунан 2026-жылдын июнуна чейин туризм, мейманкана бизнеси жана коомдук тамактануу тармагындагы өзгөрүүлөрдү талдаган 2ГИС картографиялык кызматтын изилдөөсү тарабынан берилген.

Изилдөө эс алуу базалары туристтик тармактагы эң тез өсүп жаткан объекттер экенин көрсөттү. Эгер 2024-жылдын июнунда кызматтын картасында 260 база катталган болсо, 2026-жылдын июнуна чейин алардын саны 426 га жетти.