Чүй облустук экология жана табигый ресурстар министрлигинин инспекторлору Кант шаарындагы таштанды жайын текшеришти. Визиттин себеби таштанды полигонундагы өрт тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматтар болду.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кант шаардык мэриясы 23 миң сом өлчөмүндө айып пулга тартылды, бул учурдагы укук бузуулар кодексине ылайык.