Бишкекте Кыргызстан менен Франциянын миграция маселелери боюнча сүйлөшүүлөр болду






Бишкекте 18-июнда Кыргызстан Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков менен Франциянын ички иштер министринин миграция маселелери боюнча атайын өкүлү Патрик Стефанининин ортосунда жолугушуу болду. Тараптар эмгек миграциясы боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, өкмөттөр аралык келишим түзүү жана бул тармакта эки мамлекеттин өз ара аракеттешүүсүн күчөтүү боюнча келечектерге көңүл бурушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө катышуучулар кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экенин билдиришип, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.