Бишкекте энергияны үнөмдөө технологияларын киргизүү боюнча регионалдык борбор куруу пландалууда
19-июнда Бишкекте Кыргызстан Республикасынын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин энергетика министрлеринин 6-совещаси өттү. Иш-чара энергетикалык коопсуздукту бекемдөө, инвестиция тартуу жана энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо сыяктуу негизги маселелерди талкуулоо максатында уюштурулган.

Совещанын жүрүшүндө энергияны үнөмдөө, санариптик башкаруу системаларын киргизүү жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу маанилүүлүгүнө басым жасалды. Кыргызстан трансчектик энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана улуттук энергетикалык системалардын өз ара байланыштуулугун күчөтүүгө даяр экенин билдирди. Министр Алтынбек Рысбеков энергияны үнөмдөө өндүрүштөн да маанилүү ресурс болуп баратканын, энергиянын натыйжалуулугу жана санариптик чечимдерге басым жасоо энергетика тармагынын келечегин аныктай турганын белгиледи.