Бишкектин батыш жагында, № 54 мектебинин жанында Фучик көчөсүндө скверди жакшыртуу боюнча эскиздик долбоор иштелип жатат. Бул долбоор шаардык дизайн бөлүмүнүн адистери тарабынан демилгеленип, анын максаты — шаардыктар жана борборго келген коноктор үчүн заманбап жана коопсуз коомдук мейкиндикти түзүү.

Долбоорлоочу аймактын жалпы аянты 1,3 гектарды түзөт, бул активдүү жана пассивдүү эс алуу үчүн ар кандай функционалдык бөлүктөрдү уюштурууга мүмкүнчүлүк берет.