Кара-Балтадагы дарыянын жээгин жакшыртуу чечими кабыл алынды (эскиздер)
Кара-Балтада дарыянын жээгин жакшыртуу иштери башталууда. Жайыл районунун архитектурачылары шаардык инфраструктураны жакшыртууга багытталган долбоорду иштеп чыгышты.



Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында көчө жарыгын, отургучтарды жана таштанды салуучу жайларды орнотуу, жашыл аймактарды түзүү, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн маршруттарды камтыган жөө жолдорду куруу пландалууда. Мындан тышкары, параллель токтоочу жайлар каралган.