Бишкекте муниципалдык парковкаларды "Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү ишке киргизилди. Бул маалыматты борбордун мэриясы тастыктады.
Сервис "Цифрдык технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы тарабынан "Шаардык жол-транспорт инфраструктурасы" муниципалдык ишканасы менен кызматташтыкта иштелип чыккан.