Трамп АКШ Россия-Украина конфликтин жөнгө салууну каалайт деп билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттарынын Россия менен Украина ортосундагы конфликтти чечүүгө болгон каалоосун билдирип, бул процессти логикалык жыйынтыкка жеткирүү үчүн аракет кылып жатканын баса белгиледи.
Трамп өзүнүн максаты — эки өлкө ортосунда созулуп жаткан согушту аяктоо экенин айтты. «Мен бул тезирээк болот деп үмүттөнгөм, бирок, тилекке каршы, процесс күтүлгөндөн да татаал болуп чыкты. Ошентсе да, биз ийгиликке ишенебиз», — деп кошумчалады ал.

Сөзүндө президент Украинага берилген жардамдын көлөмүнө көңүл бурду. «Байден администрациясы чоң көлөмдөгү ресурстарды берди. Мен европалык өлкөлөр бул жардамды каржылоого катышышы керек деп эсептедим, бирок, тилекке каршы, мындай ыкма ишке ашкан жок», — деди Трамп, Европа тараптан суроо-талаптын жоктугуна ишарат кылып.