Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын Бавария жана Тюрингиядагы ардактуу генералдык консулу Райнхольд Крэммель менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын экономика, инвестициялар жана биргелешкен бизнес-форумдарды уюштуруу тармактарында кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечеги талкууланды.
Кабмин башчысы Кыргыз-герман бизнес кеңешинин алкагында эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн белгиледи. Тараптар ушул кеңештин кийинки жыйынын сентябрда Кыргызстанда өткөрүү боюнча макулдашышты, анын мазмундук бөлүгүн даярдоонун зарылдыгына көңүл бурушту.

Райнхольд Крэммель ошондой эле өлкөдөгү кичи жана орто бизнести өнүктүрүүнүн зарылдыгын камтыган маанилүү маселелерди көтөрдү. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.