
19-июнда Аламедин жазыгында, «Жылы булагы» эс алуу зонасынын жанында, жүргүнчүлөрү бар унаа жартаска кулап, сууга түшүп кетти.
ӨКМдин маалыматы боюнча, куткаруучулар окуя болгон жерге 17:10да чыгып, болжол менен 18:07де жетишти. Ошол учурда күбөлөр, куткаруу кызматтарынын келишин күтпөстөн, адамдарды суудан чыгарып, биринчи жардам көрсөтүштү.