Ош шаарында көчөлөрдү кеңейтүү боюнча иштер уланууда, бул жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталган. Бул иш-чаралар транспорттук тыгындарды азайтууга, кыймылды тартипке салууга жана шаарды келечекте ыңгайлуу жана заманбап кылууга жардам берет, деп билдирет түштүк борборунун Ички иштер башкармалыгы.
Кээ бир социалдык тармактардын колдонуучулары иш жүрүп жаткан жерлерден видеотасмалар жарыялап, аларды улуттар аралык жикти козгогон жана мыйзамга каршы келген пикирлер менен коштоп жатышат.
Ведомстводо мындай аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын, анын ичинде жолдорду кеңейтүү учурунда мамлекеттик кызматкерлерге карата жасалган мыйзамсыз аракеттер үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертишти. Ошондой эле коомдук коопсуздукка жана улуттар аралык макулдашууга зыян келтирген комментарийлер жана жарыялар үчүн да кылмыш жоопкерчилиги күтүлөт.
Ички иштер башкармалыгы жарандарды текшерилбеген маалыматтарды таратуудан жана провокациялык билдирүүлөрдү жарыялоодон алыс болууга, ошондой эле мамлекеттик органдардын расмий маалымат булактарына гана таянууга чакырат.