Казакстан өз чегинде отун жетишсиздигинин алдын алуу максатында контролду күчөтүүнү пландаштырууда. Премьер-министр Олжас Бектенов негизги министрликтердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилиги менен жыйын өткөрүп, сырткы факторлорду эске алуу менен мунай продуктулары рыногундагы учурдагы абалды талкуулады. РК өкмөтүнүн басма сөз кызматы бул тууралуу маалымдады.
Энергетика министри Ерлан Аккенженов Казакстандын мунайды кайра иштетүү заводдору кадимки режимде иштеп жатканын, ички муктаждыктарды толук канааттандырып жатканын белгиледи.