Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Кытайдын Гуйян шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк бокс Кубогунун этаптарында өз чыгыштарын жыйынтыктады. Учурда бул турнир Дүйнөлүк бокс версиясы боюнча экинчи этап болуп саналат.
Команданын курамында машыктыруучу Данияр Тологон уулунун жетекчилиги астында сегиз боксчу катышты.
Анвар Ходжиев (50 килограмга чейин), Мунарбек Сейитбек уулу (60 килограмга чейин), Мирзохид Имамназаров (65 килограмга чейин) жана Ихтияр Нишонов (70 килограмга чейин) чейрек финалга чейин жетишти, бирок бул стадияда жеңилип, медаль утуп ала алышкан жок.
Нурадин Рустамбек уулу (75 килограмга чейин), Омурбек Бекжигит уулу (80 килограмга чейин), Бакыт Токтосун уулу (90 килограмга чейин) жана Мырзакир Кошалиев (90 килограмдан жогору) баштапкы беттештерден ары өтө алышкан жок жана медаль үчүн күрөштөн чыгып кетишти.
Ошентип, Кыргызстандын курама командасы аталган Дүйнөлүк бокс Кубугунун этаптарында сыйлыктарсыз калды.
Эскерте кетсек, 2026-жылдагы Дүйнөлүк бокс Кубугунун биринчи этабы 20-апрелден 26-апрелге чейин Бразилияда өттү. Бул турнирде Кыргызстандан төрт спортчу катышып, Анвар Ходжиев 50 кг салмак категориясында коло медаль утуп, үчүнчү орунду ээледи.