Бишкекте QR-коддор аркылуу шаар аралык жана муниципалдык автобустарда жүргүнчүлөрдүн төлөмүн киргизүү боюнча пилоттук долбоор башталды. Бул кадамды борбордун мэриясы жарыялады.

Картасыз төлөм системасы "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан "Бакай Банк" акционердик коомунун кызматташтыгы менен иштелип чыгууда.