Генсек ОТГ Түркестандагы Жогорку соттордун конференциясына катышты

Түрк мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев Түркестанда өткөн II Жогорку соттордун конференциясына катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ал бул конференция соттук кызматташтыкты бекемдөөгө, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга жана катышуучу өлкөлөр ортосундагы ишенимди арттырууга дагы бир кадам болгонун белгиледи.

Омуралиев өз сөзүндө Жогорку соттордун бекитилген форматы жана анын Уставы аркылуу өз ара аракеттенүүнү институционалдаштыруунун зарылдыгына көңүл бурду. Ал ошондой эле сот системасын цифрлаштыруу жана инвесторлордун укуктарын коргоо сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.