Мунарбек Сейитбек уулу дүйнө кубогунун жарым финалына чыга алган жок


Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Кытайдын Гуйян шаарында өтүп жаткан World Boxing дүйнө кубогунун экинчи этабындагы чыгыштарын жыйынтыктады. 19-июнда төртүнчү финалдык беттештер өтүп, Сейитбек уулу полуфиналга өтө албай, медалдар үчүн күрөштөн чыгып калды.