Бишкекте Кыргызстан, Казахстан жана Өзбекстандын суу-энергетикалык тармагына жооптуу өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Талкуунун негизги темасы күз-кыш жана вегетация мезгилдерине даярдык болду.
Жолугушуу 20-июнда өтүп, үч өлкөнүн энергетика министрликтеринен министрлер жана эксперттерди бир жерге чогултту. Ага Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков жана биринчи орун басары Омурбек Женишбеков, ошондой эле "Электр станциялары" ААКсы, "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ААКсы жана суу ресурстары кызматтарынын өкүлдөрү катышты.