Бишкекте QR-коддор аркылуу жүргүнчүлөрдүн жол киресин төлөө системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоор башталды, деп билдирди шаардык мэрия. Жаңы система жүргүнчүлөр үчүн төлөө процессин жеңилдетүүгө багытталган.

Учурда бул системаны этап-этабы менен киргизүү жүргүзүлүүдө, ал программалык камсыздоо жана жабдууларды тестирлөөнү, ошондой эле шаар четиндеги багыттардагы тарифтердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жол киренин баасын эсептөө механизмдерин иштеп чыгууну камтыйт.