Жол тыгындарын азайтуу жана транспорт агымдарын башкарууну жакшыртуу максатында Бишкектеги Чүй проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде жаңы светофорлор орнотулду, алар пилоттук режимде иштей баштады. Бул тууралуу борбордун мэриясы маалымдады.
Проектти ишке ашыруу алкагында жаңы светофордук объектилердин ишин талдоо жүргүзүлөт. Адистер алардын иштөө алгоритмдерин, транспорт агымына таасирин жана белгилүү бир убакыт аралыгында жол кыймылын уюштуруудагы өзгөрүүлөрдү изилдешет.