
Астанада Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев менен Түркия Республикасынын Кассациялык сотунун төрагасы Омер Керкездин жолугушуусу өткөрүлдү. Переговорлор Түрк мамлекеттер уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн жогорку сотторунун II конференциясынын алкагында өттү, деп билдирет Жогорку соттун басма сөз кызматы.