Ак-Чий жана Жаны-Тилек айылдарында, ошондой эле Ак-Талаа районунун Баетов — Кош-Добо жолунда 20-июнда күчтүү жамгырдан улам сел жүрдү. МЧСтин маалымат кызматы кырдаал тууралуу билдирип, өзгөчө кызматтардын кийлигишүүсүн талап кылганын айтты.
Окуя болгон жерге дароо райондук өрт-куткаруу отрядынын оперативдүү тобу жөнөтүлдү. Азыркы учурда суу деңгээли төмөндөп, кырдаал туруктуу болуп калды. Профильдик кызматтар жеринде зарыл болгон иштерди улантууда. Жалпы алганда, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн 28 адам жана 5 бирдик атайын техника тартылган.