Бишкекте 21-июндан тартып, «Нават» чайканын жанындагы Абсамат Масалиев проспектинин түндүк тарабындагы участок убактылуу жабылат. Шаардын мэриясы транспорттун кыймылына чектөөлөр киргизилерин билдирип, бул жөө адамдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жер алдындагы жөө адамдар өтмөгүнүн курулушу учурунда жүргүзүлөрүн айтты.