Талас облусундагы «Беш-Таш» мамлекеттик табигый паркынын аймагында сел жүрүп, көпүрөнү жана жолдун бир бөлүгүн талкалады. Бул боюнча МЧС өкүлдөрү демалгандар коопсуз жерге эвакуацияланганын билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, окуянын себеби катуу жааган жаан-чачын болуп, ал сел агымын пайда кылган, бул болсо унаа көпүрөсүн жана эс алуу зонасына алып бараткан жолду жулуп кеткен.
Куткаруу иштерин уюштуруу үчүн Талас облусунун МЧС башкармалыгынын кызматкерлери окуя болгон жерге барышты.
«Жолдун каршы тарабында калган 50дөй жаран куткаруучулар тарабынан коопсуз зонага ийгиликтүү эвакуацияланды. Жаракат алгандар жок. Учурда тиешелүү кызматтар кырдаалды көзөмөлдөп, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоодо», — деп айтылат билдирүүдө.