
Иллюстративдик сүрөт
Америка жана Иран делегациялары, ошондой эле Катар жана Пакистан өкүлдөрү Бюргенштокко техникалык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн келишти. Бул тууралуу Швейцариянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылган.
Сүйлөшүүлөргө вице-президент Джей Ди Вэнс баштаган Америка командасы жана парламент спикери Мохаммад Багер Галибаф жетектеген иран делегациясы катышууда. Бул талкууларда арачылар катары Катар жана Пакистан кызмат кылышат.