Бишкекте 23-июнда Фучик көчөсүнөн «Манас» эл аралык аэропортуна чейинки жолдун реконструкциясы башталат. Бул тууралуу борбордун мэриясынан билдиришти. Жумуштар этап-этабы менен жүргүзүлүп, жолдун айрым бөлүктөрүн камтыйт.
Ремонт учурунда трассанын толук жабылышы пландалган эмес. Транспорттун кыймылын камсыздоо үчүн ремонтталып жаткан участкалардын бир тарабын гана жапканы жатышат, ал эми экинчи тарапта эки тараптуу кыймыл уюштурулат. Мындай ыкма транспорттук байланыштарды сактоого жана айдоочулар менен жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздыктарды минималдаштырууга мүмкүндүк берет.