Сокулукта атын жана дарегин эстебеген кары аял табылды
Сокулук айылында атын жана дарегин айта албаган кары аял табылды. Жергиликтүү укук коргоо органдары анын ким экенин аныктоодо жана туугандарын табууда жардам сурап жатышат.

Сокулук районунун ОВДсынан алынган маалыматка ылайык, аял 20-июнда саат 12:00 чамасында "Суши" кафесинин жанынан табылган.