20-июнда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында жамгырдан кийин селдер болуп өттү. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымдады.
Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, катуу жамгырдын натыйжасында Баткен районундагы Кок-Таш айылын сел каптап, Дахма жана Эки-Таш участкалары да суу астында калды.