Бишкекте Иссык-Куль облусундагы фермерлердин продукциясын сатуу үчүн убактылуу соода жайлары уюштурулат

Бишкекте Иссык-Куль облусунда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатуу үчүн убактылуу соода жайлары ачылууда. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаардык мэриясы маалымдады.

Бул демилгеге фермерлер, айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер жана мал, жемиш, жашылча өстүрүү менен алектенген жеке ишкерлер катышууга чакырылат. Бул жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого гана эмес, ошондой эле борбор калаанын тургундарын жаңы жана сапаттуу продукция менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.