Баткенде «Белес-Резорт» туристтик комплекси курулушу аяктоого жакын






Сулюкте, Баткен облусунда, «Белес-Резорт» туристтик комплекси курулушу аяктоого жакын. Кыргыз Республикасынын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов долбоордун учурдагы этапы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Региондун башчысы курулуш иштерин сапаттуу жана убагында аяктоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле комплекстин ачылышынан кийин натыйжалуу пайдаланылышын белгиледи. Ал туристтик объект заманбап ишкана болуп, туруктуу киреше алып келиши керек экенин баса белгиледи.