Москвага жакын учуп бараткан 59 дронду атып түшүрүштү, шаардагы бардык аэропорттордун иши токтотулду

Иллюстративдик сүрөт
22-июнь күнү түнкү саат 03:02ден баштап Москва аймагында 59 украин дрону жок кылынганы тууралуу шаар мэри Сергей Собянин билдирди. Соңку дрон 05:07де жок кылынган. Мэр бул чабуулдун кесепеттери тууралуу эч кандай маалымат берген жок.

Чабуул коркунучунан улам Москва аймагындагы аэропорттор, анын ичинде Шереметьево, Внуково, Домодедово жана Жуковский убактылуу ишин токтотту. Бирок таңга жуук рейстерди кабыл алуу жана жөнөтүү боюнча чектөөлөр алынып салынды.
Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, түн ичинде аба күчтөрү 301 украин дронун атып түшүрүштү жана кармап алышты. Бул дрондор Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Калуга, Курск, Ростов, Тамбов, Тверь, Тула, Смоленск облустарында, ошондой эле Москва аймагында жана Россиянын түштүгүндө, анын ичинде Крымда жана Азов жана Кара деңиздеринин акваториясында жок кылынды.